Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 20:00
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Кыргызстан менен Казакстандын фармацевтикалык компаниялары кызматташат

30.10.2023 16:20
391
Кыргызстан менен Казакстандын фармацевтикалык компаниялары кызматташат


"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы менен "Казакстан СК Фармация" ЖЧШсынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, меморандумга фармацевтикалык продукцияны өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин катышуусунда Астанада өткөн 3-эл аралык фармацевтикалык форумдун жүрүшүндө кол коюлду.

Буга чейин ушундай эле протоколго “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы менен Түркиянын "Ускаш" ишканасынын ортосунда кол коюлган. Муну менен мамлекеттик ишкана фармацевтика тармагындагы аймактык жана дүйнөлүк лидерлер менен байланыштарын чыңдоодо. Жетишилген макулдашуулар дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу маселелерин биргелешип чечүүгө мүмкүндүк берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн