Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Казакстандын Астана шаарындагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен баарлашты.
Парламенттен билдиришкендей, тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча ой бөлүштү.
Андан тышкары, өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктү өрчүтүү тууралуу сөз кылган парламент жетекчилери алдыда жасала турган иш-аракеттерди талкуулашты.
Эскерте кетсек, кечээ 10-июнда Кыргызстан менен Казакстандын Парламенттер аралык кеңешинин III жыйыны өткөн. Бүгүн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын кезектеги отурумдары башталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн