Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 17:30
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында 26 документке кол коюлду (тизме)

18.05.2023 16:52
602
Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында 26 документке кол коюлду (тизме)

Бүгүн, 18-майда, Сиань шаарында Кыргызстан президенти Садыр Жапаров менен Кытай төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.


Мындан сырткары, Кытайга болгон мамлекеттик сапардын алкагында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду:


- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2024-2025-жылдарга карата кызматташуу программасы;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Илим жана технология министрлигинин ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык боюнча комиссия түзүү жөнүндө протокол;

- Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) менен Тяньцзинь (Кытай Эл Республикасы) шаарынын ортосундагы боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы маданий баалуулуктарды уурдоону, жашыруун казууларды, мыйзамсыз ташып келүүнү жана чыгарып кетүүнү алдын алуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы авиациялык издөө жана куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен берилүүчү «Көчмө оорукана» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы өткөрүп алуу актысы;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы жогорку сапаттагы сооданы өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча Биргелешкен иш-чаралар планы;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Пресс-канцеляриясынын ортосундагы жалпыга маалымдоо каражаттары жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы өндүрүштүк кубаттуулукту жана инвестициялык кызматташтыкты илгерилетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу ашкана жүзүмүнө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;

- Кыргыз Улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Кытай Эл Республикасынын Чет тилдердеги адабияттарды басып чыгаруу жана жайылтуу боюнча башкармалыгынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Айыл чарбасы жана айыл министрлигинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга карата айыл чарбасы чөйрөсүндөгү кызматташуу планы;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Кытай медиа тобунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- “China Power International Development Limited” компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу;

- КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd.» ортосундагы “Жибек жолунун алыскы шамалы” биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

- КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co.» ортосундагы «Бишкек сүйүүсү» биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Хэбэй Бай Доу Цзя ЖЧКсынын ортосундагы жер семирткич чыгаруучу заводдун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Стандартташтыруу боюнча “Алкак жана жол” кесиптик билим берүү Альянсы эл аралык уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “Universal Energy Co. Ltd” компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «ТВЕА» компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “China Energy International Group Co Ltd” жана “China Gezhouba Group International Engineering Co. Ltd” компанияларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Ош шаарынын мэриясы менен «Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd.» компаниясынын ортосунда таштандыларды өрттөөчү завод куруу долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- «ТНК Шумкар» ААКсы менен «Xian Yuanchao” компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод түзүү боюнча макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик, «Манас» эл аралык аэропорту» ААК жана China Express Airlines Co.Ltd ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн