Бугу 13, 2024
Убакыт: 21:19
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыргызстан менен Кытай ортосундагы укуктук кызматташтык талкууланды

08.10.2022 08:26
370
Кыргызстан менен Кытай ортосундагы укуктук кызматташтык талкууланды

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле эки мамлекеттин сот тутумдарынын ортосундагы мүмкүн болгон өз ара аракеттенүүнүн башка аспектилерин талкуулашты.


Иш-чаранын жүрүшүндө Замирбек Базарбеков Кытайдын укуктук жана юридикалык институттарын санариптештирүүнүн уникалдуу тажрыйбасы эң актуалдуу изилдөө темаларынын бири болуп саналарын белгиледи.


2016-жылдын июнь айында эле Кытайда бүт процесстин ачыктыгы менен онлайн процесстеринин толук циклин түзгөн "Акылдуу сот" системасын түзүү аяктаган.


"Акылдуу сот" системасы компьютердик форматтан мобилдик форматка кеңейтилген. Ошондой эле Кытайдын соттору жүзүн таануу, алыстан аудио жана видео жазуу, электрондук кол коюу, электрондук далилдерди көрсөтүү, иштин архивин генерациялоо, сот процессин башкаруу функцияларын колдонгон "Мобилдик микро-сот" электрондук платформасын түзүштү жана азыркы учурда аталган платформаны жигердүү өркүндөтүп жатышат. Мунун баары блокчейн, жасалма интеллект жана башкалар сыяктуу жаңы технологияларды колдонуунун натыйжасында мүмкүн болду.


Ду Дэвэнь укуктук жактан дагы эки өлкөнүн кызматташтыгы бекем экендигин белгилеп, эки мамлекеттин Жогорку сотторунун ортосундагы ишенимдүү кызматташтык улантылат деген ишенимин билдирди.


Жолугушуунун соңунда тараптар кеңири кызматташтык жана терең байланыштар улантыла тургандыгын ырасташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн