Кулжа 26, 2025
Убакыт: 14:33
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.110
1.135

Кыргызстан менен Малайзия жогорку билим берүү тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

26.06.2025 10:24
13
Кыргызстан менен Малайзия жогорку билим берүү тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол койду


Президент Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында министрлер кабинети менен Малайзиянын өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.


Документке кыргыз тараптан илим, жогорку билим берүү жана инновация министри Бактияр Орозов кол койду. Ал жогорку билим берүү чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүүгө багытталган.


Кызматташтыктын негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:


  • академиялык алмашуу программаларын ишке ашыруу;
  • жогорку билим берүү маселеси боюнча тажрыйба жана маалымат алмашуу;
  • окутуучу жана илимий кадрларды даярдоо;
  • академиялык мобилдүүлүккө, квалификацияларды өз ара таанууга жана окуу кредиттерин которууга көмөктөшүү.


Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн таанылган университеттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ар кандай формаларын: окутуучуларды, эксперттерди жана студенттерди алмашууну, биргелешкен илимий-педагогикалык иш-чараларды, ошондой эле билим берүү программаларын жана иш-чараларды ишке ашырууну кубаттоого макулдашышты.


Меморандумга кол коюу Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы эл аралык билим берүү кызматташтыгын бекемдөөгө болгон маанилүү кадам болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн