Кыргызстан менен Монголиянын биринчи айымдары Айгүл Жапарова жана Лувсандоржийн Болорцэцэг Улан-Батордогу «UB Songdo» ооруканасына барышты. Бул тууралуу Айгүл Жапарованын социалдык тармактагы расмий баракчасында маалымдалат.
Биринчи айымдар аталган ооруканага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында барышкан.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров өлкө президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен 9-11-июлда Монголияга мамлекеттик сапары менен барып, 11-июль күнү кечинде Бишкекке кайтып келди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн