Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 07:04
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Кыргызстан менен Пакистан жогорку билим берүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту

15.01.2025 17:48
303
Кыргызстан менен Пакистан жогорку билим берүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту


Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Пакистандын Жогорку билим берүү комиссиясы жогорку билим берүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, кол коюу 2025-жылдын 11-12-январында Исламабад шаарында өткөн мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференциянын алкагында өттү.

Меморандум академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, студенттерди жана окутуучуларды алмашууга, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана билим берүү программаларын ишке ашырууга багытталган.

Бул меморандум эл аралык байланыштарды бекемдөөгө жана эки өлкөдө жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга негиз түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн