Күн мурун Бишкек шаарында Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев менен Сауд Аравия Падышалыгынын башкы прокурору шейх Сауд бин Абдулла Аль-Муажибдин ортосунда кызматтык жолугушуу болуп өттү.
Прокуратурадан билдиришкендей, жолугушууда тараптар трансулуттук кылмыштуулукка, экстремизмге, терроризмге жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланып, эки өлкөнүн прокуратура органдарынын ортосундагы мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашуунун жогорку маанилүүлүгү белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын жана Сауд Аравиянын Башкы прокуратураларынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Аталган документ укуктук өз ара жардам көрсөтүү, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү камтыйт.
Тараптар өнөктөштүктү андан ары кеңейтүүгө, анын ичинде БУУ, Ислам кызматташтык уюму жана Эл аралык прокурорлор ассоциациясы сыяктуу эл аралык аянтчаларда күч-аракеттерди координациялоого даяр экендиктерин билдиришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн