Теке 11, 2025
Убакыт: 14:52
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.118
1.135

Кыргызстан менен Тажикстан биргеликте маданий кызматташтыкты өнүктүрөт

11.07.2025 12:21
15
Кыргызстан менен Тажикстан биргеликте маданий кызматташтыкты өнүктүрөт


Кечээ Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Тажикстандын маданият министри Матлубахон Амонзоданын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.


Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында орун алды.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий кызматташтыкты өнүктүрүү – эки элдин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун маанилүү багыты экендигин белгилешти. Кыргыз-тажик маданий алакалары терең тарыхый жана орток баалуулуктарга, салттарга ээ экени баса белгиленди.


Кыргыз тарап 2026–2028-жылдарга карата маданият тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча «Жол картасын» иштеп чыгып, кабыл алууну сунуштады. Ошондой эле эки өлкөнүн жаштар уюмдарынын, маданий мекемелеринин жана чыгармачыл жамааттарынын ортосундагы өз ара алмашууну жандандыруу зарылдыгы белгиленди. Концерттер, театр коюлмалары, көргөзмөлөр, улуттук кийимдердин көрсөтүүлөрү жана кинотасмаларды чогуу көрсөтүү сыяктуу биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча пикирлер айтылды.


Мирбек Мамбеталиев тажик тарапка көрсөтүлгөн жылуу кабыл алуу жана жолугушууну жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы эки тараптуу маданий кызматташтыкты тереңдетүү эки элдин жыргалчылыгына кызмат кыла турганын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн