Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 11:20
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Кыргызстан менен Тажикстандын аэропортторуна бир эле күндө учуп келип, бир эле күндө учуп кетишкен вип-персоналар кимдер? (видео)

17.05.2021 12:48
1666
Кыргызстан менен Тажикстандын аэропортторуна бир эле күндө учуп келип, бир эле күндө учуп кетишкен вип-персоналар кимдер? (видео)


«Temirov Live» ютуб-каналынын башкы редактору Болот Темиров өзүнүн каналы аркылуу коомчулукка өтө кызык жагдайды ачыктады. Анын айтымында акыркы убактарда Кыргызстандын аба жолдорунда вип-персоналар үчүн вип-самолеттор учуп келип, кайра учуп кете баштаган.


«Ушул жылдын 11-майында Бишкектеги аэропортто «Air Hamburg» авиакомпаниясына таандык бизнес-самолет учуп келген. Бул вип-самолет вип-персоналар үчүн. Мындай учуулар жөнөкөй адамдарга белгилүү боло бербеши бышык. Мисалы, журналисттердин эсептөөсү боюнча Россиянын патриархынын Новосибирскиден Москвага самолет менен учуп келгени 10 миң долларды түзгөн. Баанын байкалаарлыгын сезиш үчүн айта кетели, бул 42 миң даана бөлкө нандын баасы. А бизге болсо Франциянын Ницца шаарынан кимдир-бирөө учуп келип жатат. Кызыгы, француз чиновниктеринин эч кимиси Кыргызстанга учуп келген эмес. Демек, бул жеке визит. Бул борт 13-майда Бишкектен Дубайга (Бириккен Араб Эмираттарына) учуп кеткен. Ушундай эле рейсти биз Душанбенин аэропортунан да байкадык. 11-майда Тажикстанга Бириккен Араб Эмираттарынан вип-персоналар үчүн Bombardier Challenger 605 үлгүсүндөгү самолет учуп келген. Ал дагы 13-майда кайра ошол эле Дубайга учуп кеткен. Мындай дал келүүлөр болот, бирок чанда гана. Балким, бул самолеттордо кимдер учуп келип-кеткенин билип каларбыз», - дейт ал.


Мындан сырткары ошол эле 13-майда Кыргызстандын аэропортуна дагы бир вип-самолет учуп келгени тууралуу мындай дейт:


«Франциядан келген конок учуп кетери менен бизге Түркиядан бай конок келет. 13-майда Бишкек аэропортуна дагы бир Дасалт фалькон 2000 үлгүсүндөгү самолет учуп келет. Ал Анкарадан учуп келген, азыркыга чейин Бишкекте».


Ал эми бир жеке самолет апрель айынын башынан бери кыргыз аба жолдорунда учуп жүргөнүн кошумчалайт. «Дагы бир самолет апрель айынын башынан тарта Кыргызстандын аба жолдорунда учуп келип жүрөт. Ал -  Beechcraft King Air 250. Болгондо да бардык учуулары Бишкектен Кербенге жана кайра аркага. Самолеттун ижара акысы бир гана тарапка учуу үчүн 4000 евродон жогору турат. Бул дагы азыркыга чейин Бишкекте. Биздин байкообузга дагы бир жеке вертолет кабыл болду. Кыязы, ал Махачкаладан Бухарага, андан ары Тамчыга учуп, анан Россиянын Ульяновск шаарына кайтып барган», - дейт Темиров.


Чынында эле кызык жагдай. Бул вип-самолеттор менен учуп-конуп жүргөн вип-персоналар кимдер? Кыргызстанга кандай иштер менен келип кетишти? Азыр да Бишкекте жүргөндөрү эмне менен алек? Ушул суроого тиешелүү мамлекеттик органдар жана «Манас» аэропортунун жетекчилиги кандай жооп айтат болду экен?




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн