Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:18
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Кыргызстан менен Түркия халал индустриясын өнүктүрүү боюнча кызматташат

25.06.2021 13:01
1128
Кыргызстан менен Түркия халал индустриясын өнүктүрүү боюнча кызматташат


2021-жылдын 24-июнунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Соода министрлигинин алдындагы Халал аккредитация боюнча Комитетинин башкаруу кеңешинин төрагасы Зафер Сойлу менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы халал индустрия тармагында кызматташууну, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитация борбору менен Түркиянын Соода министрлигинин алдындагы Халал аккредитация боюнча комитетинин ортосунда байланыштарды түзүү маселелерин талкуулашты.


Тараптар Ислам өлкөлөрүнүн Стандартташтыруу жана метрология институтунун (SMIIC) алкагында бирдиктүү стандарттарды жана эрежелерди түзүү зарылдыгын белгилешти.


Зафер Сойлу Кыргыз аккредитация борбору менен Түркиянын Халал аккредитация комитетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюуну сунуш кылды.


Элчи Өмүралиев бул сунушту колдоп, 2021-жылдын август айында Кыргызстанда өткөрүү көздөлгөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумунун алкагында Меморандумду түзүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Закирбек
АЛЛАХ ТАЛЛА НАЗАРЫН САЛГАН СУЙГОН КУЛ ДОСУ ХАН ПАДЫШАБЫЗ САДЫР НУРХОЖОЕВТИН КЛЗОЛУНДОГУ БОЛГОН ТУРК МАМИЛЕКЕТИРИ МЕНЕН БОЛГОН КЫРГЫЗТАН ОНУКОН МАМИЛЕКЕТЕРДИН КАТАРЫНА БОЛГОН БИРИНЧИ ХАНДАМДАРЫ ДЕП ЭСЕПИЕЙМИН 🤲АМИИИН.