Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:43
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан менен Венгрия биргеликте айыл чарба дрондорун чыгарууну талкуулады

14.02.2023 17:00
247
Кыргызстан менен Венгрия биргеликте айыл чарба дрондорун чыгарууну талкуулады

Кыргызстан менен Венгриянын ишкерлери биргелешкен фармацевтикалык ишкана ачууну макулдашып, айыл чарба дрондорун чыгаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бул маселе Венгриянын Соода-өнөр жай палатасында Кыргыз-Венгер ишкерлер кеңешинин III отурумунда талкууланды. Отурумга 40тан ашык кыргызстандык жана венгриялык компаниялардын ар түрдүү: фармацевтика, курулуш, текстиль өнөр жайы, айыл чарбасы, туризм тармактарынын өкүлдөрү катышты.


"Венгриялык тарап Кыргызстанга технологияны өткөрүп берүүнү, айыл чарба жерлерин сугарууда колдонулуучу дрондорду түзүүнү сунуштады. Венгрия ошондой эле кибер коопсуздук, чек ара аймактарын коргоо үчүн жабдуулар жаатында кызматташууну сунуштады", - деп айтылат маалыматта.


Ишкерлер кеңешинин ишин эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын президенттери Темир Сариев менен Ласло Парраг, ошондой эле Венгриянын Ишкерлер кеңешинин төрагасы Андраш Бачи-Надь жетектеди.


Тараптар кызматташууга өз ара кызыкчылыкты белгилешти. Венгриялык тарап экономиканын түрдүү тармактарында, анын ичинде тоо-кен тармагында технология жаатында тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн