Бугу 07, 2024
Убакыт: 05:04
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан менен Венгриянын кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду (тизме)

14.02.2023 08:10
191
Кыргызстан менен Венгриянын кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду (тизме)

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 13-февралда Будапешт шаарында кыргыз-венгер биргелешкен өз-ара аракеттенүүсүн чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.


Өлкө президенттери Садыр Жапаров менен Каталин Новак Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.


Ошондой эле тараптар төмөнкү документтерге кол коюшту:


- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;


- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосундагы соттук-эксперттик ишмердүүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;


- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Венгриянын Улуттук архивинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;


- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик менен Венгриянын Маалыматтарды коргоо жана маалымат эркиндиги боюнча улуттук органынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;


- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Венгриянын Мамлекеттик кызмат университети ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум


- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы жана Этвош Лоран атындагы Будапешт университети ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн