Күн мурун Жогорку Кеңештеги Япония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Япония парламентиндеги “Япония-Кыргызстан” достук лигасынын жетекчиси Ген Накатани менен жолугушту.
Жогорку Кеңештен билдиришкендей, тараптар парламенттер аралык байланыштарды арттыруу маселелерин талкуулап, кызматташтыкка керектүү артыкчылыктуу багыттар тууралуу ой бөлүштү.
Алгач Талайбек Масабиров Ген Накатанини Япониянын коргоо министри болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
Ошону менен бирге өнөктөштүктү тереңдетүүдө депутаттык достук топторунун салымы чоң экенин белгилеген депутат Талайбек Масабиров: “Андыктан, калыптанган алакаларды өнүктүрүп, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу аркылуу биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет. Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Айрыкча парламенттер жетишилген келишимдердин ийгиликтүү жыйынтыкталуусу үчүн мыйзамдык базаны чыңдоого көмөк көрсөтүүбүз зарыл”, – деди.
Ал эми Япония коргоо министри, “Япония-Кыргызстан” достук лигасынын жетекчиси Ген Накатани 2018-жылы Бишкекке иш сапары менен келип, маанилүү жолугушууларды өткөргөнүн эске салды. Анда эки тараптуу алакаларды арттырууга байланышкан негизги пландар талкууланганын белгилеген министр парламенттер аралык кызматташтыктын өнүгүшү кыргыз-япон өнөктөштүгүн тереңдетүүгө чоң өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Муну менен катар жолугушууда тараптар парламенттер аралык Достук лигасынын алгачкы форуму 2018-жылы Бишкекте өткөнүн белгилешип, экинчи форумду Японияда уюштуруу маселелерин талкуулашты. Тагыраагы Ген Накатани аталган иш-чараны өткөрүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзөрүн убада кылды.
Ал эми Талайбек Масабиров Достук лигасынын мүчөлөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн