Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:28
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Кыргызстан менен Өзбекстан өнөктөштүк жөнүндө меморандумга кол коюшту

21.10.2024 09:47
158
Кыргызстан менен Өзбекстан өнөктөштүк жөнүндө меморандумга кол коюшту


Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү жана Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду өнөктөштүк жөнүндө меморандумга кол коюшту. 

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, кызматташуунун максаты — социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн узак мөөнөттүү жана натыйжалуу өнөктөштүк мамилелерди түзүү. Бул кызматташтык аймактардагы жашоо-шарттарды жакшыртууга, экономикалык өсүшкө дем берүүгө жана мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө карай маанилүү кадам болуп калат.

Меморандумдун негизги милдеттери:

- региондорду өнүктүрүү үчүн биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана тажрыйба алмашуу;
- өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөр тууралуу ачык маалымат алмашуу жана кызматташуу.

“Биз бул меморандум региондорду активдүү өнүктүрүү үчүн маанилүү импульс болуп, жашоо сапатын жакшыртууга жана бизнес жана коом үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болоруна ишенебиз”, - деп билдирди Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн