Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:22
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан "Газпромбанк" менен кызматташат

23.11.2021 09:58
996
Кыргызстан "Газпромбанк" менен кызматташат

Министрлер кабинети россиялык "Газпромбанк" акционердик коому менен мамлекеттик долбоорлорду, программаларды ишке ашырууда банктык келишимдерди коштоо иштерин киргизүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол койгон.


Министрлер кабинетинин маалымат кызматы төрага Акылбек Жапаров Москвада аталган банктын биринчи вице-президенттери Денис Камышев жана Алексей Попович менен жолуккандыгын билдирди. Алар Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуу мыйзамдарын өнүктүрүү алкагында "Газпромбанктын" тажрыйбасы менен технологияларын улут аралык банктык келишимдерди колдоо иштеринде колдонууну талкуулашкан. Мындан соң меморандумга эки жактан — кыргыз тараптан финансы министри Алмаз Бакетаев, "Газпромбанктан" вице-президенттин милдетин аткарган Олег Мельников кол койгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн