Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кыргызстан сатып алган Airbus 320 учагы "Манас" аэропортуна келип конду

28.03.2024 17:31
212
Кыргызстан сатып алган Airbus 320 учагы "Манас" аэропортуна келип конду


Кыргызстанга жаңы Airbus A320 үлгүсүндөгү учак келип конду. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан өнүгүү жолуна түшкөнүн, атайын жана аскердик техникалар, алдыңкы медициналык жабдуулар жана коомдук транспорт республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып жатканын белгиледи.

“Элибиздин кыргыз жеринде бейпил жашаса деген кыялдары ишке ашышын каалайбыз. Кечээ эле өлкөнүн бюджетинин эсебинен тигил же бул техниканы сатып алууну ойлоно да албасак, бүгүн самолетторду вертолетторду сатып алып жатабыз. “Кыргыз элин кыргыз жеринде кор кылбайлы” деп президент айткандай, бул биздин негизги милдеттерибиздин бири”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, 2002-жылы чыгарылган Airbus A320 учагы бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынып, Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн