Өлкө аймагында 1-апрелге карата COVID-19 илдетин дагы 4 адам жуктурду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйында айтты.
Маалыматка ылайык, жаңы жагдайлар Жалал-Абад шаарында 1, Сузакта 1, Караколдо 1 жана Бишкекте 1 адам жуктурган. Муну менен илдетти жуктургандар өлкөдө жалпы 111 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн