Кыргызстанда 234 адам акысыз гемодиализге муктаж. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 1517 адам акысыз гемодиализ алышат. Кезек күткөндөр дагы бар.
"Бейтаптар кыйналып, дарылануу үчүн көбү өз чарбаларын сатып жатышат. Анткени алардын гемодиализ алууга материалдык мүмкүнчүлүктөрү жок", - деди Осмонова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн