Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда 245 мектеп авариялык абалда

18.10.2022 12:54
277
Кыргызстанда 245 мектеп авариялык абалда

Өлкө аймагында авариялык абалдагы 245 мектеп бар. Бул тууралуу  билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.


Анын айтымында, ведомство аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында авариялык мектептер аныкталган.


“Учурда алардын саны 245ти түзөт. Азыр 58 мектеп калды, алар бир дагы тизмеге кирген жок. Калган мектепте оңдоо иштери жүрүүдө”, - дейт ал.


Министрдин орун басары республикадагы, ошондой эле Баткендеги мектептерди оңдоого 15 млн сом бөлүп берүү маселесин Каржы министрлигине карап чыгуу сунушталгандыгын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн