Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанда 4 жылдан бери мыйзамсыз жүрүп, экстремисттик идеологияны таратып жүргөн жаран кармалды

09.09.2022 11:20
585
Кыргызстанда 4 жылдан бери мыйзамсыз жүрүп, экстремисттик идеологияны таратып жүргөн жаран кармалды

8-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети диний-экстремисттик идеологияны үгүттөгөн жана ок-дары сактаган чет элдик жаранды кармады.


Ведомстводон билдиргендей, УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2018-жылдан бери Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана мыйзамсыз диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында анын убактылуу жашаган жеринен ок-дарылар, чет мамлекеттин жаранынын мөөнөтү өтүп кеткен паспорту жана байланыш каражаттары табылып алынды.


Азыркы учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ага карата тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн