Кыргызстанда 2023-жылдын 5 айында республика боюнча 60,3 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдорду асфальттоо республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
"Былтыр, 2022-жылы бул көрсөткүч май айына карата 29,3 чакырымды түзгөн. Салыштырмалуу быйыл асфальт төшөө иштери эки эсе көп аткарылган", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн