Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда 5G технологиясы ишке киргизилген эмес

10.07.2020 17:57
932
Кыргызстанда 5G технологиясы ишке киргизилген эмес


Кыргызстандын аймагында 5G технологиясы ишке киргизилген эмес. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов брифингде билдирди.


“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында 5G технологиясы ишке киргизилген эмес. Байланыш операторлору 5G тармагынын жабдууларын орноткон эмес жана пайдаланган жок. Мамлекеттик байланыш агенттиги эч кандай уруксаттарды берген эмес. Мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу таралып жаткан 5G технологиясынын зыяндуулугу жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт, - деди Исмаилов.


Анын айтымында эл арасында жалган маалымат тараткандар заманбап технологиялар адам өмүрүнө коркунуч жаратат деген жалган маалымат менен элди дүрбөтүп, калкты мыйзамга каршы иш-аракеттерге үндөп жатышат.


“Радио толкундар вирустарды өткөрбөйт, тилекке каршы адамдар жалган маалыматка ишенип жатышат. Санариптик гигиенаны сактаңыздар жана маалымат булактарын текшерип туруңуздар” - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн