Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда 5G технологиясын сыноого уруксат берилди

08.08.2022 16:50
459
Кыргызстанда 5G технологиясын сыноого уруксат берилди

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы уюлдук операторлорго 5G технологиясын сыноого уруксат берди.


Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 5G технологиясын киргизүү заманбап технологияларды жана жалпысынан коммуникация инфраструктурасын өнүктүрүүгө жаңы дем берет. 5G технологиясын киргизүү керектөөчүлөргө маалыматтарды алмашууда ылдамдыгын жогорулатып жана берилген трафиктин көлөмүн кеңейтүүсү күтүлүүдө.


5G технологиясын киргизүү үчүн шарттарды камсыздоо үчүн Байланыш кызматы учурдагы радиоэлектрондук жабдуулардан жыштык тилкелерин чыгаруу боюнча иштерди жүргүздү жана 5Gди сыноо үчүн пилоттук жыштыктарды аныктады.


Бүгүнкү күндө тестирлөөгө уруксат алган уюлдук операторлор Бишкектин аймагында 5G технологиясы боюнча биринчи сыноосун өткөрүштү. Жакында Кыргызстандын жашоочулары 5G технологиясын пайдаланып, жаңы бешинчи муундагы технологиялардын бардык артыкчылыктарын баалай алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн