Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:55
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстанда 73 адам бир миллион сомдон төлөп активдерин мыйзамдаштырган

14.05.2024 15:19
189
Кыргызстанда 73 адам бир миллион сомдон төлөп активдерин мыйзамдаштырган


73 адам мүлкүн мыйзамдаштырды. Алардын ар биринин мүлкү 100 миллион сомдон ашат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков билдирди.


Ал эгер баасы 100 миллион сомдон төмөн болгон мүлк мыйзамдаштырылса, анда эч нерсе төлөнбөй турганын эске салды. Ал эми бул чектен ашкан активдер жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда бир миллион сом өлчөмүндө белгиленген төлөмдү төлөш керек болот.


Ысабеков белгилегендей, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, мыйзамдаштыруу үчүн 3 716 адам атайын декларация тапшырган.


"Ал эми 73 жаран бир миллион сомдон төлөп атайын декларация тапшырды. Муну менен алар 100 миллион сомдон ашык суммадагы мүлкүн жана кирешесин мыйзамдаштырды", — деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн