Кулжа 29, 2024
Убакыт: 01:23
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Кыргызстанда ID-карта кимдерге акысыз берилүүдө?

10.05.2021 13:24
1002
Кыргызстанда ID-карта кимдерге акысыз берилүүдө?

Кыргызстанда президенттин жарлыгынын негизинде 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карта (паспорт) акысыз бериле баштады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Чынара Усупбаеванын айтымында, паспорт акысыз негизде 1-майдан 31-августка чейин берилет.

“Буга чейин 5 категориядагы жарандарга паспорт акысыз берилмек. Бирок кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин ал категорияга жаңжалдан жабыркагандар кирди”, – дейт ал.

ID-карта төмөнкү категориядагы жарандарга акысыз негизде берилет:

-мамлекет тарабынан колдоого алынган жана интернаттарда жашаган 16 жаштагы балдар;

-18 жашка чейинки томолой жетим балдар;

-мамлекет тарабынан колдоого алынган жана интернаттарда жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар;

-мамлекет тарабынан колдоого алынган жана интернаттарда жашаган карыялар жана 70 жашка чыккан пенсионерлер;

-Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана Баткен окуясынын катышуучулары;

-кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн