Кыргызстанда сентябрь айынан тарта Meken бренди менен смартфондор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу "Кыргызиндустрия" ишканасынын жетекчиси Жарасул Абдураимов билдирди.
Смартфондорду ата мекендик адистер чогултат. Көпчүлүк тетиктер чет өлкөдөн алып келинип, телефондун корпустары өлкөдө жасалат. Бул үчүн жабдуулар сатып алынган.
Meken смартфондору чет өлкөнүкүнө караганда 10-15 пайызга арзан болот. Сметалык баасы – 11 миң сом. Абдураимов сапаты мыкты болорун убада кылууда.
"Кыргызиндустрия" келерки жылы турмуш-тиричилик техникаларын да чыгарууну пландоодо.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн