Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:24
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда Pfizer вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлүүдө

Кыргызстанда Pfizer вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлүүдө

2021-жылдын 27-октябрында Кыргызстанга глобалдык COVAX демилгесинин алкагында Pfizer тарабынан чыгарылган 250 миң дозалык вакцина келди. Бул тууралуу брифинг учурунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысова айтып берди.


 Анын айтымында, 30-октябрдан тарта бул вакцина Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык убактылуу эмдөө борборлорунда, тактап айтканда, Аламүдүн, Сокулук жана Кант шаарларында жеткиликтүү. Ал эми 1-ноябрдан тарта республиканын бардык аймактарына акырындык менен жеткириле байтайт.


"Pfizer вакцинасын 18 жаштан жогорку бардык каалаган адамдар ала алышат, ал эми артыкчылыктуу топтор 65 жаштан жогору адамдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар болуп саналат. Дозалардын ортосундагы интервал 21-28 күн", - деп кошумчалады Гульбара Ишенапысова.


Эмдөөдөн кийин инъекция болгон жерде кызарышы жана оорушу, температуранын бир аз көтөрүлүшү же денеңиз оорушу мүмкүн. Бул реакциялар, адатта, эмдөөдөн кийин бир нече күндүн ичинде жоюлат, бирок, кандайдыр бир себептерден улам, алар узакка созулса, медициналык жардамга кайрылышыңыз керек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн