Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда Россиянын дагы бир аскердик базасы түзүлөбү?

24.08.2021 14:41
658
Кыргызстанда Россиянын дагы бир аскердик базасы түзүлөбү?

Кыргызстанга Россиянын экинчи аскердик базасын ачуу азырынча каралган жок. Мындай пикирин Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новостиге берген маегинде билдирген.


Анын айтымында, Россиянын Кант шаарындагы авиабазасы региондогу коопсуздук үчүн жетиштүү.


"Кант шаарындагы база Жамааттык коопсуздук кеңеши үчүн стратегиялык мааниси чоң. Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Россиянын Кыргызстанда дагы бир аскердик базасын түзүүгө муктаждык жок",- деди Казакбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн