Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 00:50
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Кыргызстанда ЖККУга мүчө мамлекеттердин атайын машыгуулары башталды

07.09.2024 15:34
326
Кыргызстанда ЖККУга мүчө мамлекеттердин атайын машыгуулары башталды


Бүгүн Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун аймагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) машыгуулары башталды.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында уюмдун ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн командалык-штабдык “Өз ара аракеттенүү - 2024”, чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен “Издөө-2024”, ошондой эле материалдык-техникалык камсыздоо күчтөрү менен “Эшелон-2024” атайын машыгуулары өтөт.

Машыгуунун ачылышынын алдында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин эстелигине гүлчамбарларды коюу аземи болду.

Гүлчамбарларды коюу аземине коргоо министри Бактыбек Бекболотов, ЖККУнун Башкы катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Улан Далиев, Балыкчы шаарынын мэри Азамат Анарбек уулу жана улуттук аскердик контингенттердин башчылары катышты.

Андан соң Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун командалык пунктунда машыгуунун ачылыш аземи болуп өттү.

ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү - 2024" биргелешкен командалык штабдык машыгуусун, "Издөө - 2024" жана "Эшелон - 2024" атайын машыгууларын министр Бактыбек Бекболотов ачты.

"Аймактык коопсуздук маселелерин талкуулоо жана чечүү үчүн ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бириктирүүчү ушундай маанилүү иш-чараны өткөрүү биз үчүн сыймык экендигин баса белгилейм.

Динамикалуу өзгөрүп жаткан дүйнөдө коопсуздук биринчи кезектеги маанилүү маселе болуп жаткандыгына байланыштуу, бул бизден жаңы кадамдарды, натыйжалуу координацияны жана так чечимдерди талап кылат.

Азыркы реалдуулукту эске алуу менен алдыда боло турган машыгуу барган сайын олуттуу мааниге ээ болууда. Учурда өз ара аракеттенүүнү колдоп гана тим болбостон, бизден аскердик мамилелер чөйрөсүн ырааттуу түрдө кеңейтүүнү талап кылат.

Бул машыгуу бөлүкчөлөрдүн ыкташуу деңгээлин гана жогорулатпастан, күжүрмөн шериктештикти бекемдеп, дүйнөлүк коомчулукка пайда болгон коркунучтарга карата биздин мамлекеттердин жетекчилигинин бирдиктүү көз караштары бар экендигин көрсөтөт”,- деп баса белгиледи.

Андан соң Кыргызстандын коргоо ведомствосунун жетекчиси алдыдагы машыгуулар регионалдык коопсуздукту бекемдөө жолундагы кезектеги кадам болот, биргелешкен аракеттердин аркасында биз алдыга коюлган милдеттерди аткарабыз деген ишенимин билдирип, машыгуунун бардык катышуучуларына ийгиликтерди каалды.

Андан ары машыгуунун жетекчиси – КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темиров машыгуунун мамлекеттик желектерин көтөрүүнү жарыялады.

Коргоо министрлигинин өзүнчө аскердик-көрсөтмөлүү оркестринин коштоосунда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик гимндерин аткаруу менен мамлекеттик туулар көтөрүлдү.

Ачылыш аземи ЖККУнун “Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" машыгууларынын улуттук аскердик контингенттеринин салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Маалымат үчүн: Машыгуу Жамааттык коопсуздуктун “Борбор Азия аймагындагы куралдуу чыр-чатактарды чечүү боюнча ЖККУнун биргелешкен операциясын даярдоо жана өткөрүү” темасында пландалып, үч этапта өткөрүлөт.

“Өз ара аракеттенүү-2024”, “Издөө-2024”, “Эшелон-2024” эл аралык машыгууларына Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук аскердик контингенттери, ошондой эле ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын өкүлдөрү катышат.

Машыгууларга ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук контингенттеринин 1500дөн ашык аскер кызматчылары, ошондой эле 200дөн ашык аскердик техника, анын ичинде 10го жакын авиациялык техника жана 10го жакын деңиз кемелери катышат.

Окуу-машыгуу борборунун аймагында машыгуунун катышуучуларынын иштөөсү, жашоосу, тамактануусу жана күнүмдүк ишмердигин уюштуруу үчүн аскер шаарчасынын инфраструктурасынын бардык элементтери, ошондой эле машыгуу учурунда аскерлердин практикалык аракеттери үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн