Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 06:25
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

04.11.2024 10:25
321
Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт


Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, 5-6-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, 6-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

7-8-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулука чейин,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -4° сууктан …+1° жылуулука чейин,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулука чейин, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суукка чейин төмөндөйт.

Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн