Кулжа 09, 2025
Убакыт: 09:09
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.095
1.125

Кыргызстанда азык-түлүктүн запасы жетиштүү

07.01.2022 17:33
1772
Кыргызстанда азык-түлүктүн запасы жетиштүү

"Казак тараптын демилгеси менен өткөрмө пункттардын жабылышына байланыштуу кооптонууларга келсек, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында социалдык маанилүү азык-түлүктүн жана күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү кору бар экенин белгилейбиз", - деди КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.


«Биз жарандарды азык-түлүктүн мүмкүн болгон жетишсиздигинен же баанын кескин жогорулашынан коркпоого чакырабыз», - деди ал.


Султанбаев белгилегендей, эки өлкөнүн дипломатиялык ведомстволору мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги жеке өткөрүү пункттарынын ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча эки тараптан тең иш алып барууда.


“Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын толук турукташуусу соода-экономикалык мамилелерди толук кандуу нормалдаштырууга негиз болот”, - деди КР президентинин басма сөз катчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн