Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстанда баласы начар болсо ата-энесин жазалоо мыйзамы кабыл алынабы?

02.04.2021 11:31
1449
Кыргызстанда баласы начар болсо ата-энесин жазалоо мыйзамы кабыл алынабы?

Эч кимге таңууланбаган чындыктар. Бекер сабак, акча алып тренинг өтпөйм. Бекер ал, маңыроолонуп башыңа балекет жүктөп жашай бербей.


1. Алыңа карап төрөп, жаныңан алыс чыгарбай өзүң тарбияла, өзүң жоопкерчилик моюнга ал. Сенин ойсуз чууруткан балдарың, эч кимге кереги жок. Чет элдерде баласы жаман болсо, ата энесин аёосуз жазалайт. Бизге да келет ушул закондор, акыры түбү.


2. Азыр Москвада канча курьерлер камалып жатат, алар билимсиз, үйүндө терең тарбия албаган караңгылар, ташыйт десе наркотикда ташып, баланча жерге көмүп кет пакетти десе да, мээси иштебей көөмүп кармалып, билбестиктен түрмөгө түшүшкөн. Аңкоолук билбестик жоопкерчиликтен бошотпойт. Статья бар колуң менен кылганды, башың менен тартасың.


3. Жакшы келин эңсесең, жакшы кыз тарбияла. Керемет күйөө бала эңсесең, билимдүү уул тарбияла. Эптеп чоңойсо мени багат деген энелик карапайым расчёт 21-кылымда иштебейт. Биринчи сен багасың, билим бересиң, терең коомго зыяны тийбес кылып тарбиялайсың, анан ал эшек сени багышы мүмкүн.


4. Кыздар улут байлыгы, кайсы улут кыздарын кордосо, ошол улут жок болуп тынат. Ал улутта бычакка сап уул төрөлбөй калат. Аял затта жек көрүү сезим пайда болсо зөөкүр эркекке, ал аял ошол эркекке күчтүү уул төрөп бере албайт. Бул жаратылыш закону. Гейлердин көбөйүшүнүн биринчи себеби ушул. Зөөкүр эркектерден кызтеке уулдар жаралат келечекте. Эсиңерге тутуп алгыла маджахет арсыздар.

 

Аялдын организми бунт көтөргөндө хромосомдордо сбой болуп катачылык кетип, эркек кыздай чыйкылдап, кыз эркектей гүрүлдөп жаралып калат. Анан эркек эркекке эрге тие баштайт. Өз көзүм менен көрүп келдим Канададан. Эрди катын эркектерди. Көп экен бүткүл дүйнөдөн келген качкын гейлер, толтура мусулман гейлер да.


5. Аң-сезимдүү уулдар, аң-сезимдүү энелерден жаралат, аң-сезимдүү аталардан үлгү алат. Бала уядан эмне көрсө ошону алат, уясы жок эле бомждарды жарата берсек, коом цыгандарга айланат. Көчөлөрдө тилемчилер көбөйүп деградация болобуз.


6. Дагы бир жолу айтам, арзанчылык болбойт. Мындан кийин бүт нерсе кымбаттайт. Агартуу системасы гана элдердин деңгээлин көтөрүп, жакшы жумуш табууга жардам болот. Дүйнөдөгү жашоо саясаты пандемиядан кийин 180 градуска бурулду. 


7. Жаштар багылбаса тарбияланып билим алып, карылар кароосуз калат. Анткени жаштардын өзүн эптөөгө алыда күчү да жетпейт. Илгерки заман эмес азыр, жолдор алыстай берет тууган уруктан, границалар жабылса көрүшпөй да каларыбыз белгилүү.


8. Кымбатчылыктын да пайдалуу жагы көп. Коом иргелет электен өтүп. Жоопкерчилик жогорулайт, төшөккө карап бут сунуп. Сан издебей сапат издейсиң аргасыздан. Кымбатчылык үнөмдүүлүккө үйрөтөт, кекиртегиңди кысып. Беш көйнөк албай, балаңы беш профессияга окутасың. Жүз адамга той бербей он адам чакырасың. Али бардык кыйынчылык алдыда, өнүгүү эч кимге оңой келбеген. Тарыхтар тараза.


"Менин биринчи мугалим" деген кинодогу Алтынайда маджахет басмачы динкорлордон, окуп, окуп, окуп сорго кутулган. Окуган чокуйт. Кызың эркекке тряпка болбосун десең окут. Кыз улут байлыгы.

Уулуңду да окут, көзүн тазала көгөргөн ириң чылпактардан, күчтүү билимдүү эркек болсун самтырабай салпактабай. 


Урматтуу биздин закондуу президент Садыр Жапаров  сизден сураныч, билим берүүчү мектептерди көп куралы, кыз келиндерди окутуучу жана агартуучу  институттар ачылышы керек. Ар бир жаш эркекти тарбиялоочу заманбап интернаттар керек. Биз Афганистан эмеспиз да бүткүл улут доңкоюп калгыдай, таш кылымга кайтып.

Илгерки кесипчилик окуу жайлардай мекемелер керек, ошол жерде окуп эмгектенип, айлык алып тирилик кыла турган. Жок дегенде минимум пландарды аткарса болот да.


Бөлүшкүлө вотсап группаларга, жетсин барына. Билимсиз адам оңолбойт. Кудай өзүн сактаганды гана сактайт. Аскадан секирсең сени кармап калбайт. Ошондуктан айткан Кудайдан үмүттөн бирок өзүң кайдыгер болбо деп. Ырыскыны терсең эмгектенип, Кудай берет. 

Жата берсең өлөсүң ачкадан, сенин керегиң жок Кудайга да. Иштеген гана тиштейт, болду башка закон жок.


Падишахан Султаналиева

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн