Кыргызстан боюнча бардык күндүзгү стационарлар жабылды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов катышкан Республикалык ыкчам штабдын жыйынында маалым болду.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жыйындын жүрүшүндө өлкө аймактарындагы эпидемиологиялык кырдаал дагы талкууланды. Анда өлкө боюнча бардык күндүзгү стационарлар жабылганы айтылды.
Айрым облустарда медициналык мекемелерди оңдоп-түздөө иштери аяктаса, кээ бир райондордо курулуш иштери бүтүү алдында турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн