Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан 100дөн ашык тажикстандык студенттин өлкөгө киришине уруксат берилген жок.
Студенттер буга чейин окууларын тажик ЖОЖдорунда улантуу тууралуу Тажикстандын Билим берүү министрлигинин сунушуна макул болбой, өлкөгө киргизүү өтүнүчү менен кыргыз тарапка бир нече жолу кайрылышкан.
Бишкектеги Кыргыз-орус славян университетинде окуп жаткан Мухаммадюсуф аттуу тажикстандык студент Бишкекке келе алган жок. Жаңы окуу жылы башталарда ал кыргыз-тажик чек арасына келип, бирок кыргыз чек арачылары аны өткөрүшкөн эмес. Анын айтымында, ага окуусун Тажикстандагы университетте улантуу сунушу болгон, бирок ал буга макул болгон эмес.
«Мага жаңы ачылган атайын университетте окууну сунушташты. Мен Кыргызстанда стоматология факультетинде окучумун, а бул жерден мага таптакыр башка адистикке окууну сунушташты. Эгер мени Душанбедеги медициналык университетке кабыл алса макул болмокмун», — деди Мухаммадюсуф.
Ал Кыргызстанда медицина тармагында билим алып жаткан 62 тажик студенти Абуали Сино атындагы медициналык университетке которула алышканын, бирок мындай мүмкүнчүлүк баарына эле берилбегенин кошумчалады.
Абубакр Кыргызстанга кире албай калган дагы бир студент. Ал Бишкек медициналык университетинен чакыруу алганына карабастан, чек арадан өтө алган эмес. Ошол эле маалда өз коопсуздугун ойлоп, Кыргызстанга келүүнү каалабаган студенттер да жок эмес.
Тажик бийлиги чек ара бир тараптуу жабылганын, студенттерди өткөрүү өтүнүчү менен кыргыз бийлигине бир нече жолу кайрылганын билдирүүдө. Тажикстандын Билим берүү министрлигиндеги өз булактар алар Кыргызстандын бийлиги менен Тышкы иштер министрлиги аркылуу байланышканын, бирок жооп болбогонун айтышты. Кыргызстан быйыл апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин кыргыз-тажик чек арасын бир тараптуу жапкан. Анда кыргыз бийлиги чек ара Тажикстан менен чек ара маселеси чечилмейинче жабык болорун билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн