Кыргызстанда бир катар товарларга кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасы белгиленди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 27-декабряндагы № 717 токтому менен өзгөртүүлөр киргизилип 2023-жылдын 31-декабрына чейин айрым азык түлүк товарларына карата салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы бекитилди. Алар:
- Өсүмдүк майы;
- Инкубациялык тоок жумурткалар;
- Айыл чарба малдардын тоюттары;
- Арпа;
- Сулуу;
- Фарель балыгынын тоюттары;
- Ири мүйүздүү малдар каралды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн