Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда бир жумалык "Нелегал" рейдинин жыйынтыгы чыгарылды

16.07.2021 12:45
883
Кыргызстанда бир жумалык "Нелегал" рейдинин жыйынтыгы чыгарылды

Кыргыз Республикасынын аймагында “Нелегал-2021” комплекстүү иш-чарасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.



"Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүнүн жамааттык тутумун өнүктүрүү боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттердин иш-чаралар планынын" негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2021-жылдын 5-июлунан 12-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагында "Нелегал-2021" комплекстүү иш-чаралары өткөрүлдү.


 Операцияны өткөрүүнүн жүрүшүндө төмөнкү иштер аткарылды:

- мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 19 факты КЖБРге катталды (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси);

 - Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 13 факты аныкталды (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 108-беренеси);

 - чет өлкөлүктөрдү каттоо тартибин бузган 24 факты аныкталды (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 292-беренеси);

 - чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузган 3 факты аныкталды (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 57-1-беренеси);

- 54000 сом өлчөмүндө айып пул салынган;

 - мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 4 факты аныкталды (Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 358-беренеси);

- экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу боюнча 15 факты аныкталды (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренеси);

- баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу 7 кылмыштын бети ачылды, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 кг. 436 гр. салмактагы гашиш жана марихуана алынды.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн