Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:48
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга карата кылмыштардын алдын алуу маселеси талкууланды

22.12.2022 15:42
418
Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга карата кылмыштардын алдын алуу маселеси талкууланды




Кыргыз Республикасынын ИИМде Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин демилгеси менен Пакистан Ислам Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын жана Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиликтеринин өкүлдөрү менен чет өлкөлүк жарандарга карата кылмыштардын алдын алуу, эскертүү жана жол бербөө маселелери боюнча жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууга Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Убактылуу ишенимдүү өкүлүнүн жардамчысы Муштаг Ахмед, Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин үчүнчү катчысы Фань Цзюньвэй, атташеси Фэн Цяо, Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин консулу Неллаяппан Понаппан, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башкармалык начальниги Чынгыз Иманалиев жана Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин орун басары Олжобек Кенешбек уулу катышышты.


Жолугушууда чет өлкөлүк жарандарга каршы жана ал жарандар тарабынан жасалган кылмыштарды алдын алуу маселелерин талкууланды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн