Жетинин айы 14, 2025
Убакыт: 11:30
USD
87.30
87.80
EUR
101.40
102.40
RUB
1.080
1.105

Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилди

14.11.2025 09:29
31
Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилди


Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилди. Тиешелүү буйрукту министрлер кабинети жарыялаган.


Документтин негизги учурлары


Саат 18:00дөн 6:00гө чейин электр энергиясы төмөнкү мекемелерде болбойт: 

- стратегиялык объектилерди (анын ичинде маанилүү жана өзгөчө маанилүү объектилердин категорияларын) кошпогондо, министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттин катышуусу менен чарба жүргүзүүчү субъектилер, күнү-түнү иштеген жана коргонууну, коопсуздукту, медициналык жардамды жана калктын турмуштук маанилүү функцияларын, анын ичинде саламаттык сактоо мекемелерин, социалдык коргоо мекемелерин, авариялык-куткаруу жана кыйроодон куткаруу кызматтарын камсыз кылуучу объектилер жана мекемелер; 

- билим берүү уюмдарында окуу процесси аяктаган учурдан кайра башталганга чейин (имараттын эксплуатациясын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон инженердик системаларды жана жабдууларды кошпогондо); 

- ошондой эле жогоруда аталган бардык мекемелердин далисине, санитардык жайларга жана башка иштебеген жерлерге кыймыл датчиктерин орнотуу тапшырмасы коюлду. 

- Жетекчилер режимдин сакталышы үчүн жооптуу адамдарды дайындап, аткарылышын көзөмөлдөйт. 

- Кыргызстандын Энергетика министрлигине президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жана президенттин администрациясына ар бир 15 күн сайын (айдын 1-15инде) маалымат берип туруу тапшырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн