Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:57
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда эң көп коюлган ысымдар

01.06.2021 11:46
3605
Кыргызстанда эң көп коюлган ысымдар

Үстүзбүздөгү жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайларга Мухаммед жана Раяна ысымдары эң көп коюлган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, эркек балдардын арасында эң көп кездешүүчү 10 ысымдын ичине Умар, Рамазан, Али, Алихан, Алинур, Билал, Нурислам, Амир жана Эмир кирет. Ал эми кыздардын арасында Салиха, Амина, Фатима, Айлин, Алия, Хадича, Аруузат, Сафия жана Арууке деген ысымдар.

“Кыргызстандыктардын кыздарына популярдуу ысымды тандоодо артыкчылыгы 2016-жылдан бери дээрлик өзгөргөн жок. Раяна ысымы бешинчи жыл катары менен алдыңкы орунда келе жатат. 6 жыл катары менен жаңы төрөлгөн эркек балдардын эң популярдуу ысымы Умар бул жылы бир орунга ылдый түштү. Мухаммед аттуу ысым биринчи орунга ээ болуп, 1449 ата-эне ымыркайларына Мухаммед деп ат коюшкан, бул Умардан (1418) 31ге көп”, - деп айтылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Рысбай
Жакшы
Бекнияз
Рахмат
Саяан
Салиха