Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:28
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстанда “гүленчилер” менен “эрдоганчылардын” тиреши башталабы?

23.12.2020 09:49
1450
Кыргызстанда “гүленчилер” менен “эрдоганчылардын” тиреши башталабы?


2021-жылдан тарта Кыргызстанда Түркиянын “Маариф” фондунун алгачкы мектептери ачылат. Бул тууралуу 18-декабрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин “Маарифтин” башчысы Бирол Акгүн менен жолугушуусунда айтылды.


Эми кийинки жылы Билим берүү жана илим министрлиги менен “Маариф” фондунун ортосунда жеке менчик билим берүү мекемелерин ачуу жана иштетүү жөнүндө кабыл алынган макулдашуу ишке ашырылат.  

 

“Маариф” фонду Түркиянын бийлиги көзөмөлгө алган уюм. Ошол эле учурда азыркы бийликтин башында турган Режеп Тайип Эрдоганга каршы пикирди карманган атактуу аалым Фетуллах Гүлен негиздеген “Сапат” (Себат) уюмунун мектептери кеңири иштеп жатат. Буга чейин Эрдоган бир нече жолу кыргыз бийлигине кайрылып “Сапат” мектептерин жаап, анын башында турган Түркиянын жарандарын өткөрүп берүүнү талап кылган. Ошондой эле ал бул уюмду террористтердин уюгу катары да сыпаттаган. Бирок, буга чейинки президенттер Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков андан сылык баш тартып койгон. Ошол үчүн да Түркия менен Кыргызстандын мамилеси жогорку деңгээлге чыкпай турат.


“Маариф” мектептери дүйнөгө кулачын жайган күчтүү институт экени белгилүү. “Сапат” да андан кем калбайт. Эми Кыргызстандын ичинде бири-бирине карама-каршы позицияда турган түрктөрдүн бул уюмдарынын ортосунда тиреш башталбайбы? Кыргыз бийлиги тең салмактуулукту сактап, аларга бирдей шарт түзүп бере алабы? 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Озубуздун мектептерди качан онуктуробуз?