Бирдин айы 13, 2025
Убакыт: 19:07
USD
87.30
87.80
EUR
90.80
91.80
RUB
0.940
0.990

Кыргызстанда илимий кызматкерлердин эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлдү

Кыргызстанда илимий кызматкерлердин эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлдү


Кыргызстанда илимий кызматкерлердин эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.


Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле КР президентинин жарлыгын ишке ашыруу үчүн министрлер кабинети "Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жана штаттык саны жөнүндө" токтомун кабыл алды.


Аталган токтомго ылайык, илимий кызматкерлердин эмгек акысы 100 пайызга чейин жогорулатылды. Тактап айтканда, кызматтык окладды аныктаган коэффициент 50 пайызга, ал эми кызматтык окладга кошумча төлөмдөр 50 пайызга чейин көтөрүлдү. Натыйжада жалпы жогорулоо 100 пайызга чейин жетти. Ал эми илимий институттарда иштеген жардамчы тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы 75-80 пайызга жогорулатылды.


Ошондой эле илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин максималдуу (чектелген) штаттык саны бекитилди.


Бул токтом тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып, бирдиктүү чечим катары кабыл алынган.


Белгилей кетсек, КР президентинин жогоруда аталган жарлыгында илимий уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын 70 пайыздан 100 пайызга чейин жогорулатуу жана максималдуу чектелген штаттык санын бекитүү тапшырмасы коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн