Бирдин айы 06, 2025
Убакыт: 12:49
USD
87.30
87.80
EUR
90.60
91.60
RUB
0.885
0.915

Кыргызстанда илимий кызматкерлердин эмгек акысын 100 пайызга жогорулатуу пландалууда

06.02.2025 10:05
28
Кыргызстанда илимий кызматкерлердин эмгек акысын 100 пайызга жогорулатуу пландалууда


Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында министрлер кабинетинин токтом долбоору даярдалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.


Аталган токтом долбооруна ылайык, илимий кызматкерлердин эмгек акысын 100 пайызга жогорулатуу пландалууда: анын ичинде кызматтык окладды аныктаган коэффициентти 50 пайызга, кызматтык окладга кошумча төлөмдөрдү 50 пайызга көтөрүү каралган. Натыйжада жалпы жогорулоо 100 пайызды түзөт. 


Ошондой эле илимий институттарда иштеген жардамчы тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылат.


Бул токтом долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып, бирдиктүү чечим катары кабыл алынган. 


Белгилей кетсек, КР президентинин жогорудагы жарлыгында илимий уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын 70 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрүү тапшырмасы коюлган.


Ошону менен бирге айрым маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда “эмгек акы 50 пайызга гана жогорулатылып жатат жана бул КР президентинин жарлыгына туура келбейт” деген маалыматтар тарап жатканы белгилүү болду. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт, алардын кандай максатта таратылып жатканы жана булагы белгисиз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн