Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:49
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда кафе - ресторандарда той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат ()

17.03.2020 11:59
901
Кыргызстанда кафе - ресторандарда той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат ()


Кыргызстанда кафе - ресторандарда той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул туурасында бүгүн, 17-мартта вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөттө өткөн брифингде билдирди.


Анын айтымында, Республикалык штаб аталгандай чечим кабыл алган. Ал сунушка ылайык, коронавирус кооптуулугуна байланыштуу өлкөдөгү бардык массалык иш-чараларга чектөө киргизилет.


"Бүгүн Штаб ресторандарда үй-бүлөлүк, жамааттык мааракелерди өткөрүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алды. Мындан сырткары, 50дөн ашуун адам бата турган кафелер дагы ишин токтотушу керек. Эпидемологиялык кырдаалды билип туруп той өткөргөн жаран жана ресторан ээси Эреже бузуулар кодексинин 150-беренеси, Жазык кодексинин 280 жана 285-беренелери боюнча жоопко тартылат. Аларга айып салуу жана башка чаралар колдонулат", - деди Алтынай Өмүрбекова.


Ошондой эле ал алдыдагы үч жума коронавирустун алдын алууда маанилүү экенине токтолуп, андан ары кырдаал турукташат деген божомол бар экенин билдирди.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн