Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 23:10
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргызстанда кайсы кесиптерге талап көп?

18.05.2023 09:12
327
Кыргызстанда кайсы кесиптерге талап көп?

Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Асыл Абдыракманова Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде өлкө рыногунда кайсы кесиптерге суроо-талап көп экенин айтып берди.


"IT-адистиктери чоң суроо-талапка ээ. Борбор калаада мындай адистерди даярдаган бир нече лицей бар, облустук кесиптик билим берүү мекемелери да тартылып жатат. Бул табигый көрүнүш, анткени азыр бул кесипке суроо-талап жогору. Ошондой эле учурда газ жана электр ширетүүчү, тигүүчү, ашпозчу жана кондитер дагы эң көп талап кылынган адистиктердин катарында", — деди Абдыракманова.


Ал билим берүү мекемелериндеги кесиптердин реестри такай жаңыланып, лицейлер жана колледждер компетенттүү кадрларды издеген ишкерлер менен түздөн-түз кызматташарын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн