Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 20:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргызстанда кайсы соцтүйүн популярдуу? Жаңы иликтөө

13.01.2021 11:09
833
Кыргызстанда кайсы соцтүйүн популярдуу? Жаңы иликтөө


Медиа Өнүгүү Борбору” коомдук уюму 2020-жылдын 19-ноябрынынан 2021-жылдын 1-январына чейинки кыргыз социалдык түйүндөрүн иликтеген отчетун жарыялады. Аталган уюмдун Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланган маалыматка ылайык, кыргызстандыктардык 39 пайызы социалдык түйүндөрдө олтурат. 


Instagram түйүнүндөгү посттор Фейсбукка караганда дээрлик 10 эсе көп экени байкалды. Фейсбукта эң активдүү Садыр Жапаровду колдоо тайпасы болуп, анда 50 миң активдүү колдонуучу мүчө жана 3 млн. адамды кучагына алган. Инстагармда болсо News.kg баракчасы эң популярдуу. Ага чыккан маалыматтар 2,5 миллионго чейинки колдонуучуларга жетет”, - деп айтылат “Медиа Өнүгүү Борбору” коомдук уюму тараткан маалыматта.


Мындан сырткары “Медиа Өнүгүү Борбору” коомдук уюму президенттикке талапкерлердин социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына да анализ жүргүзгөн. “Талапкерлердин ичинде эң активдүү Абдил Сегизбаевдин Фейсбуктагы баракчасы болуп чыкты. Ал 177 пост менен биринчи турса, экинчи орунда Аймен Касенов 93, үчүнчүдө 85 пост менен Клара Сооронкулова турат. Садыр Жапаров анчалык деле активдүү болбой, 9-орунду ээлеген”, - деп айтылат аталган маалыматта.

Мындан сырткары аталган уюм президенттик шайлоодо талапкерлер ар кандай онлайн-рекламаларга 11 500 доллар коротконун аныктаган. Бул сумманын көпчүлүк бөлүгү Касенов менен Тольбаевге туура келет.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Aiia Kydyk
Tuura koldoim insta jyldyz boluw onoi.. Fbda bolso kyin.Fbda jawy otkondor kop. Instagramda vsy molodej.