Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда кенже тейлѳѳчү кызматкерлердин эмгек акылары кѳтѳрүлѳт

06.02.2020 12:18
672
Кыргызстанда кенже тейлѳѳчү кызматкерлердин эмгек акылары кѳтѳрүлѳт


Ѳкмѳт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик мекемелердеги кенже тейлѳѳчү кызматкерлердин эмгек акысын кѳтѳрүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнѳн билдирди. 

Үстүбүздѳгү жылдын  1-январынан тарта күчүнө кирген документке ылайык, тѳмѳндѳгү кызматкерлердин эмгек акысы эки эсе кѳтѳрүлѳт: автобустардын, жүк ташуучу унаалардын, транспорттук-жыйноочу машиналардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочуларынын, жыгач усталардын, сантехник, слесарь, электрик, иш кагаздарды мукабалоочу, короо шыпыргыч, багбан, гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу, кастелянша, курьер, кладовщик, имараттарды оңдоп, тейлеген жумушчулар, калктуу конуштарды жакшыртуу, иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандар. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн