Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 20:11
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди куруу иштери тынымсыз жүрүп жатат (видео)

29.11.2022 10:40
533
Кыргызстанда кичи ГЭСтерди куруу иштери тынымсыз жүрүп жатат (видео)

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди куруу иштери тынымсыз жүрүп жатат. Бул тууралуум амлекет башчысы Садыр Жапаров  Курултайда дагы белгилеп өттү.

Президент өз сөзүндө и чки инвесторлор тарабынан курулган чакан ГЭСтердин электр энергиясын мамлекет сатып аларын айтты.


Бул чакан ГЭС Жалал-Абад облусунун Көк-Арт дарыясына курулуп жатат. Жумуш 24 саат токтобой, түнкүсүн да прожекторлордун жарыгы менен бетон кую иштери жүрүп жатканын көрүүгө болот.


Белгилей кетсек, мындан сырткары Таласта 25 МВт “Бала-Саруу ГЭСин, Нарында 100 МВт кубаттуулуктагы “Куланак” ГЭСтерин куруу иштери кызуу жүрүүдө.


Ошондой эле, Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланып жатат. Анын кубаттуулугу 5,6 МВт жогорулайт. 


Токтогул ГЭСинин бир агрегаты реконструкция болуп 60 МВт кошулду. Учурда сыноодон өтүүдө. 

Дагы 3 агрегат жылына бирден реконструкция болот. Жалпы 240 МВт кубаттуулук кошулат.


Үч-Коргон ГЭСи дагы реконструкцияланып, кошумча 40 МВт кошулат. 

Камбар-Ата 2 ГЭСин курууга конкурс жарыяланды. Анын кубаттуулугу 150 МВт болот. 


Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1800 МВт.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн