Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 02:02
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда кычкылтек концентраторунун саны дагы 200гө көбөйдү (сүрөт)

08.07.2020 13:11
1176
Кыргызстанда кычкылтек концентраторунун саны дагы 200гө көбөйдү (сүрөт)


Өлкөгө дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алынып келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык,  Бишкек шаарына чартердик каттам аркылуу Өкмөт тарабынан сатылып алынган 200 даана мобилдик кычкылтек концентратору экинчи партия катары алынып келинди.


Белгилей кетсек, 5-июлда 500 даана мобилдик кычкылтек концентратору алынып келинген, ал эми калган 800 даана кычкылтек концентратору жакынкы арада өлкөгө жеткирилмекчи.


“Кычкылтек концентраторлору ыкчам тартипте коронаривирустук инфекциядан жабыркаган жана өпкөсү кагынган жарандар дарыланып жаткан республиканын медициналык мекемелери арасында таркатылып берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн