Бугу 05, 2024
Убакыт: 17:10
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда кыргыз-эмират холдингин ачуу пландалууда

22.09.2023 09:43
331
Кыргызстанда кыргыз-эмират холдингин ачуу пландалууда


Кыргызстанда кыргыз-эмират холдингин ачуу пландалууда. Макулдашуу тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри шейх Абдалла бин Заид Аль Нахайян талкуулашкан.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында 20-сентябрда Нью-Йоркто өткөн.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдиришип, түрдүү тармактарда кызматташуу прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилешти. Ошону менен бирге, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү динамикасын сактоо максатында, министр Ж.Кулубаев БАЭнин президенти шейх Мухаммад бин Заид Аль Нахайяндын Кыргызстанга сапарын уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

КР президентинин 2022-жылдын 31-октябрындагы БАЭге сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Соңунда Кулубаев БАЭнин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри шейх А.Аль Нахайанды Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн